Камсыздандыруу уюму акыркы 1 жылда ишмердүүлүгүн кыйла жакшыртты

Акыркы үч жыл ичинде “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” ААКсы коомчулук менен байланыш жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп, калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууда олуттуу жетишкендиктерге жетти.
Мекемеден билдиришкендей, 2023–2025-жылдардын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, уюмдун маалыматтык ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча өсүш катталган. Айрыкча басма сөз, видео-контент, радио-телеэфирлер жана социалдык тармактардагы активдүүлүк тездик менен жогорулаган.
Атап айтканда:
- Макалалар жана пресс-релиздердин саны 2023-жылы 17ни түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 474кө жетип, 27 эсеге өскөн;
- Видеоматериалдар 33төн 575ке чейин көбөйүп, 17 эседен ашуун өсүш байкалган;
- Радио жана телекөрсөтүүлөрдөгү катышуулар 13төн 365ке чейин жетип, 28 эсеге жогорулаган;
- Социалдык тармактардагы посттор (Instagram, Facebook) 2023-жылы таптакыр болбосо, 2025-жылы алардын саны 572ге жеткен;
- Стористердин (реалдуу учурлар, камсыздандыруу төлөмдөрү ж.б.) саны 1032ни түзгөн;
- Билим берүүчү сюжеттер 33төн 514кө чейин өскөн.
Бул көрсөткүчтөр “МКУ” ААКнын ачык-айкын иш алып барып, калк менен түз жана түшүнүктүү байланыш түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөтөт.
Маалымат үчүн: “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” ААК — Кыргыз Республикасынын ири жана ишенимдүү камсыздандыруу компанияларынын бири. Уюм жарандардын, мекемелердин жана ишканалардын мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруу аркылуу коомдук-экономикалык туруктуулукка салым кошууну максат кылат.