Энергетика министрлигинде финансылык мыйзам бузуулар аныкталды

Энергетика министрлигинин 2023-жылкы бюджети боюнча финансылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, 2023-жылдагы аталган министрликтин бюджети менен анын карамагындагы ачык акционердик коомдордун, ошондой эле «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын чыгарды.

Аудиттин жүрүшүндө финансылык тартип бузуулардын жалпы суммасы 287 832,3 миң сомду түзгөнү аныкталды. Алар төмөнкүдөй бөлүндү: министрликтин карамагындагы мекемелерде – 9 487,0 миң сом, энергетика тармагындагы ачык акционердик коомдордо – 247 023,0 миң сом, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында – 31 322,3 миң сом.

Мындан тышкары, бухгалтердик эсепке 79 837,9 миң сом өлчөмүндө тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.

Аналитикалык изилдөөлөр энергетика тармагындагы ачык акционердик коомдор келишимдердин шарттарын толук аткарбагандыктан, бюджетке кошумча киреше катары түшүүсү керек болгон 34 236,6 миң сом өз убагында которулбаганын көрсөттү. Ошондой эле, ресурстарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланбоо, зарыл чаралардын көрүлбөшү натыйжасында жалпы суммасы 505 029,7 миң сом каражаттар үнөмсүз колдонулган. Анын ичинде министрликтин мекемелеринде – 335,1 миң сом, ачык акционердик коомдордо – 440 561,5 миң сом, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында – 64 133,1 миң сом.

Эсептөө палатасынын Кеңеши аудиттин жыйынтыктарын карап чыгып, бузууларды жоюу жана мамлекеттик ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү берди.

Связанный пост