БШК үгүт иштери 10-ноябрда башталарын айтты

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда эртең мененки саат 8:00дө аяктайт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. 30 көп мандаттуу шайлоо округунун ар биринен Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты мандат алат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат.