ТИМдин коллегиясында өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктары талкууланды

 ТИМдин коллегиясында өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктары талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында өлкөнүн тышкы саясатынын жана экономикалык күн тартибинин негизги маселелери каралды. Аймактык кызматташтыкты чындоо үчүн маанилүү аянтча болуп калган “Борбор Азия – Кытай” саммитинин жыйынтыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар Кыргызстандын 2025-2026-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, өлкөнүн эл аралык кызматташтыгын жана аброюн бекемдөөгө салым кошкон стратегиялык демилгелерге жана долбоорлорго басым жасашты.

Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө эл аралык өнөктөштүк аркылуу колдоо көрсөтүүдөгү ролу да күн тартибинде маанилүү орун алды. Агрардык секторго тышкы рынокко чыгууга жана айыл чарба тармагына инвестицияны жана технологияны тартууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер аныкталды.

Кеңешменин жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев белгиленген максаттарга жетишүүгө, тышкы саясий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын эл аралык беделин бекемдөөгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Связанный пост