Президент балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

 Президент балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды.

“Ошол эле учурда мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.

Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.

Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда”, – деп айтылат Алагөзовдун билдирүүсүндө.

Связанный пост