Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүү пункттары 1-3-октябрда жана 6-октябрда убактылуу жабылат. Ал эми 4-5-октябрда жүк ташуучу унаалар жана товарлар өткөрүлөт, бирок адамдар өтө албайт.

“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө пункттарынын иши толугу менен 7-октябрда кайрадан жанданат.

Белгиленгендей, “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү Кытайда “КЭРдин түзүлгөн күнү” жана “Күз ортосу майрамы” майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен убактылуу токтотулууда.

Чек ара кызматы жарандар жана жүк ташуучулардан өз маршруттарын алдын ала пландаштырып алууну эскертет.

Связанный пост