Кыргызстанда каймак май өндүргөн ата мекендик 6 компания табигый продукция өндүрөт

 Кыргызстанда каймак май өндүргөн ата мекендик 6 компания табигый продукция өндүрөт

Кыргызстанда каймак май өндүргөн ата мекендик 8 компаниянын компаниясы табигый продукция өндүрөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда сүт азыктарын кайра иштетүүчү 30 ишкана (чакан бизнестерди эсепке албаганда) продукцияларын соода түйүндөрүнө жеткирип келет. Алардын ичинен каймак май тармагында иш алып барган 18 компаниянын 8и ата мекендик өндүрүүчүлөр болуп саналат.

Сүт майын алмаштыруучу кошулмалар колдонулган продукциялар арзан баада болуп, сактоо мөөнөтү да узагыраак болот. Ошол эле учурда, табигый сүт азыктарын сатуу кыска мөөнөттө кошумча чыгымдарды талап кылганы менен, узак мөөнөттүү пайдасы — ички рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана калктын ден соолугун жакшыртуу — бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерден кыйла жогору турат.

Ал эми 10 импорттоочу компаниянын 7си өз продукцияларында СМА колдонушат. Ошентип, каймак май категориясындагы продукциялардын 70 % импорттук жана 20 % ата мекендик үлүшү СМА камтыйт.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүндө, соода түйүндөрүндөгү текчелерди сүт жана сүт майын алмаштырган кошулмаларды камтыган азыктардан бөлүп жайгаштыруу боюнча иш-чаралар эреже катары киргизилген. Бул ыкма эл аралык стандарттарга жооп берип, өзүнүн натыйжалуулугун практикада тастыктады.

Связанный пост