Кыргызстан менен Беларусь 14 документке кол койду

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Тизме: 

– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Беларусь Республикасынын Спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы, анда товар жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү каралган;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Беларусь Республикасынын Байланыш жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы санариптик өнүктүрүү жаатында стратегиялык кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Беларусь Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун (УСДИ) жана Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун (БСИИ) 2025–2026-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планы;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 2025-2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Беларусь Республикасынын Брест облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Связанный пост