Минскте Адылбек Касымалиев менен Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи өттү

Минск шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Жолугушуу аземинде мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өкмөт башчылары бири-бири менен учурашып, тууга урмат көрсөтүшүп, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана премьер-министр Александр Турчин расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Саламдашуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары кыргыз-беларус сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн Өкмөт үйүнүн имаратына киришти.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күн мурун, 28-сентябрда Беларуска расмий сапар менен келген.

Связанный пост