Кыргызстанда онунчу балага 2 млн сом төлөнөт

 Кыргызстанда онунчу балага 2 млн сом төлөнөт

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Кыргызстанда мамлекеттик пенсиялар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 2024-жылы президенттин бийик тоолуу аймактарда балдардын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм жөнүндө жарлыгы чыкканын эске салды.

Анын айтымында, 2026-жылдан тарта “балага береке” жөлөк пулун уюштуруу сунушталууда, анда төмөнкүдөй төлөм каралууда:

  • төртүнчу балага 100 миң сом;
  • бешинчи балага 600 мин сом;
  • алтынчы балага 800 миң сом;
  • жетинчи балага 1 млн сом;
  • сегизинчи балага 1,2 млн сом;
  • тогузунчу балага 1,5 млн сом;
  • онунчу балага 2 млн сом.

“Бул каражаттар бала 1 жашка толгондон кийин, башкача айткан, 2027-жылдын 1-январынан тартып төлөнө баштайт. “Балага береке” жөлөкпулунун биринчи төлөмүнө 6 млрд 615 млн сом каралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы бийик тоолуу аймактарда жана жетүүгө кыйын болгон зоналарда 4төн 10го чейин бала төрөлгөн — бул 10 миң 900 баланы түзөт”, – деп билдирди чиновник.

Связанный пост