Балыкчыда баңгизат саткандар кармалды
Балыкчы шаарына баңгизатын системалуу түрдө ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан.
22-сентябрда Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүү учурунда 6 килограмм баңгизат, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган “Тоз 8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.
Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.