Таласта фермерлер жеңилдетилген насыя аркылуу эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүүдө

 Таласта фермерлер жеңилдетилген насыя аркылуу эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүүдө

Таласта фермерлер 3 пайыз жеңилдетилген насыя аркылуу эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, алардын бири Талас районунун Калбай айылындагы фермер Каныбек Бериков министрликтин колдоосу менен асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында “Элдик Банктан” 4 млн сом насыя алган.

Фермер Кыргызстанда эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүү үчүн Россиядан жаш кунаажындарды алып келүүгө даярданууда. Анын айтымында, бул демилге айыл чарбасына чоң салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, таза кандуу уйлар менен мал чарбасын жаңылоо жана анын азыктуулугун жогорулатуу максатында дыйкан-фермерлерге жылдык 3 пайыз менен жеңилдетилген шарттагы насыялар берилүүдө. Насыя 60 айлык мөөнөткө берилет:

  • жеңилдетилген мезгил – 6 ай;
  • субсидиялык суммасы – 300 млн сом;
  • жалпы насыянын көлөмү – 1 млрд 849 млн сом

Жеңилдетилген кредиттер төмөнкүлөргө берилет:

  • асыл тукум заводдоруна жана фермаларга;
  • импортерлорго;
  • техник-уруктандыруучуларга;
  • дыйкан чарбаларга жана жеке ишкерлерге.

Связанный пост