Бишкекте жыл башынан бери 18 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулду

Бишкек шаарында жыл башынан бери 17 миң 872 “акылдуу” эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Ленин району –6525 даана;
- Свердлов району –3284 даана;
- Первомай району –8115 даана.
Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2025-жылы 28 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалган. Калганы жыл аягына чейин орнотулат.