Камбар-Ата-2 ГЭСинин басымдуу түтүгүн кытайлык компания курат

Камбар-Ата-2 ГЭСинин басымдуу түтүгүн куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 27-июнунда «Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү» долбоорунун алкагында 3-лот боюнча («Басымдуу түтүгү жана ГЭСтин суу өткөргүчүнүн жана имаратынын курулуш бөлүгү») эл аралык тендер жарыяланган.
Ал эми 2024-жылдын 24-октябрында 3-лот боюнча тендердик сунуштар ачылган. Беш компания эл аралык сатып алуулар стандарттарына ылайык өз сунуштарын беришкен.
Жүргүзүлгөн процедуранын жыйынтыгы боюнча эң мыкты баа сунуштап, жогорку техникалык деңгээлди көрсөткөн Кытайылк Sinohydro Bureau 16 – Sinohydro Joint Venture компаниясы жеңүүчү деп табылды.
Белгиленгендей, 2025 жылы 9-сентябрда жеңүүчү менен келишим түзүлдү, бул долбоордун даярдык баскычынан курулуш жана ишке киргизүү иштерине өтүүсүн шарттады.