8 айда Баткен облусуна бюджеттен 366,1 млн сом бөлүндү

2025-жылдын 8 айына карата Баткен облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 366,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферт – 221,7 млн сом;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7 млн сом;
- электр энергияга 50 пайыз компенсация – 54,4 млн сом;
- калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 39,9 млн сом;
- муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 29,2 млн сом бөлүндү.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 13,9 млн сом бөлүнүп берилди.