Жыл аягына чейин дагы 36 кайра иштетүү ишканасы ачылат

Жыл аягына чейин өлкөдө дагы 36 кайра иштетүү ишканасы ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестицияларды тартуу” аттуу форумунда билдирди.
Анын айтымында, кайра иштетүү өнөр жай тармагы мамлекеттин экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүдө чоң салымын кошуп жатат.
“Жыл сайын кайра иштетүү өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке берилип, жаңы жумушчу орундар түзүлүп жатат. Бүгүн өлкөдө 11 миңден ашуун ар кандай көлөмдөгү кайра иштетүү ишканалары иштеп жатат.
2025-жылга экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү жаңы 63 ишкана пландаштырылган, анын ичинен – 27 ишкана ачылды, 36 ишкана жылдын аягына чейин ачылат”, – деди Бакыт Төрөбаев форумдун жүрүшүндө.