8 айда 88 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду

 8 айда 88 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын январь-август айларында бажы төлөмдөрүнүн планын ашыкча аткарды.

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом чогултулду, план 102,4%га аткарылды. Бул көрсөткүч пландан 2 млрд сомго көп.

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго (80,3 млрд. сомдон 88,0 млрд сомго чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү.
Акыркы жылдардын сегиз айындагы кирешелердин динамикасы:

  • 2019-жыл — 26,2 млрд сом
  • 2020-жыл — 15,8 млрд сом
  • 2021-жыл — 27,9 млрд сом
  • 2022 – жыл — 44,9 млрд сом
  • 2023-жыл — 68,8 млрд сом
  • 2024-жыл — 80,3 млрд сом
  • 2025-жыл — 88 млрд сом

Ведомстводон белгилешкендей, жетишилген натыйжаларды камсыз кылган негизги фактор санариптик технологияларды артыкчылыктуу киргизүү болду. Аларды колдонуу бажылык башкаруунун сапатын жогорулатууга, ички процесстерди стандартташтырууга жана оптималдаштырууга, өлкө жетекчилиги тарабынан аныкталган милдеттерди так жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Связанный пост