Базар-Коргондо 6,4 млн сомдук соода борбору мыйзамсыз менчиктештирилген

 Базар-Коргондо 6,4 млн сомдук соода борбору мыйзамсыз менчиктештирилген

Базар-Коргондо мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Базар-Коргон шаарындагы “Каныкей” соода борбору жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу келишимдеринин негизинде жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Аталган мүлктүн жалпы баасы 6,4 млн сомду түзөт.

Архивдик документтерди салыштырып көрүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыгарылган буйруктардын каттоо журналында “Каныкей” соода борборуна байланышкан чечимдер катталбаганы, ал эми көрсөтүлгөн буйруктун таптакыр башка адамга тиешелүү экени такталды. Ошондой эле райондук архивдик фонддо да бул объект боюнча эч кандай буйрук жок болуп чыкты.

Бул факт боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост