Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 70 пайызы жыйналды

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 % пайызды түзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (467,9 миң га) бир аз ашык.
Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 26,2 ц/га түзүүдө.
Жашылча жыйноо (жалпы 56,6 миң га) иштери 39,3 миң гктар аянтта аткарылды, бул 69,5 пайызды түзөт. Бирок дүң жыйым өткөн жылга салыштырмалуу +117,5 миң тн көбөйгөн. Эң жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда байкалууда (294,9 ц/га).
Картошка жыйноо (жалпы 64,5 миң га) иштери 28,8 миң га аткарылды (44,7 %). Дүң жыйымдагы өсүш (+16,7 миң тн) жана түшүмдүүлүктүн жогорулагандыгы (150,2 ц/га) оң тенденцияны көрсөтөт. Ысык-Көл облусунда жыйноо иштери жалпы аянттын 13,2 % аткарылды.
Бахча жыйноо (жалпы 11,8 миң га) иштери 12,13 миң га негизинен аяктады жана рекорддук көрсөткүчтөргө жетти 103 %. Дүң жыйым өткөн жыл менен салыштырганда өскөн +55,1 миң тн. Жалал-Абад облусу башкы өндүрүүчү болуп саналат.
Техникалык өсүмдүктөрүн жыйноо (жалпы 32,3 миң га) иштери жаңыдан башталып жатат. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 43,2 % деңгээлинде (5,4 миң га), тамеки 39,4% пахта ж/а кант кызылчасы баштала элек.