Коргоо министрлигинде 50 миң сомго чейин пара алып тургандар аныкталды

 Коргоо министрлигинде 50 миң сомго чейин пара алып тургандар аныкталды

Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири К.А.Б. “Кой-Таш” аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн 1000 сомдон 50 миң сомго чейин акча алышкан.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан “Пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Б.М.М. жана К.А.Б. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда өлкөнүн коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост