Кыргызстанда 1 жума ичинде мас абалында унаа башкарган 342 айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 220 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 660;
- мас абалында унаа башкаруу – 342;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 186;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 100;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 942;
- авто ээнбаштык – 23;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 461;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 020;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 484 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.