Кыргызстанда күн сууктап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт

16-18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө:
16-сентябрда күндүз жана 17-18-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20° болсо,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° градуска чейин жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Маалымдалгандай, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорт, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.