Бишкекте 45 мектеп жана 41 бала бакча жаңыланууда
Быйыл Бишкек шаарынын мэриясы 89 билим берүү объектисин, анын ичинде 45 мектеп, 41 бала бакча жана 3 балдардын чыгармачылык борборун оңдоону пландаштырууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө негизги иштер аткарылып бүттү. Оңдоо иштери уланып жаткан жерлерде окуу процессине тоскоол болбогондой уюштурулган.
Оңдоо иштери төмөнкү мекемелерде жүрүп жатат:
- Бала бакчалар: №4, №48, №52, №56, №61, №106, №107, №117, №127, №145, №181.
- Мектептер: №32, №34, №41, №46, №49, №53, №60, №63, №67, №71, №73, №77, №92, №107, №116.
Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн убактылуу жабылган мекемелердеги балдар жакынкы мектептерге жана бала бакчаларга бөлүштүрүлгөн.