Кыргызстанда сүт азыктарын сатуунун жаңы эрежелери күчүнө кирди

Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта сүт азыктарын сатуунун жаңы эрежелери күчүнө кирет: сүт жана сүттү камтыган азыктар өзүнчө сакталып, өзүнчө сатылышы керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 346 токтомуна ылайык, өкмөттүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Эми сүт азыктарын саткан соода субъектилери сүт жана сүттү камтыган азыктарды өзүнчө соода жайларына – өзүнчө текчелерге же башка белгиленген жерлерге коюуга милдеттүү. Мында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2013-жылдын 9-октябрындагы № 67 «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин техникалык регламенттери жөнүндө» (ТБ ТР 033/2013) чечими менен белгиленген аныктамаларга ылайык алардын так физикалык бөлүнүшү камсыздоо менен жайгаштырылууга тийиш.
Сүт жана сүт камтыган продукцияны сатууга багытталган ар бир соода участогунда сатылуучу продукциянын касиеттерине жана курамына карата керектөөчүлөрдүн мүмкүн болуучу жаңылышуусун болтурбоо максатында сүт камтыган продуктуларда сүт компоненттеринин бар экендигин милдеттүү түрдө көрсөтүүнү кошкондо, продукциянын курамы жөнүндө анык жана так окула турган маалымат жайгаштырылуусу тийиш.
Бул токтом 2025-жылдын 18-сентябрында күчүнө кирет.