Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
			
    Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат экилер чамасында болгон жер титирөөнүн очогу Бишкектин түштүк-чыгышында 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Очогунда жер титирөөнүн силкинүүсү 4,5 баллга жеткен.
Бишкек шаарында зилзаланын күчү 4 баллды түздү.