Кыргызстанда терроризмге жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөш күчөтүлүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 15-жыйыны болуп өттү.
Жыйындын алкагында күн тартибине киргизилген бир катар маанилүү маселелер каралды, анын ичинде 2022-2024-жылдар аралыгындагы Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоо жөнүндө отчетту жактыруу.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жыйынды ачып жатып, улуттук тобокелдиктерди баалоо – бул аялуу жерлерди аныктоого жана бул коркунучтарга каршы туруунун натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берген маанилүү курал экенин белгиледи.
«Биз системабызды тынымсыз өркүндөтүп, өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да бардык кызыкдар тараптар менен кызматташтыкты бекемдешибиз керек», – деп баса белгиледи ал.
Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү сунушталган Тобокелдиктерди улуттук баалоо жөнүндө отчетту кеңири талкуулап, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук тутумунун негизги аныкталган коркунучтарын жана аялуу жерлерин карап чыгышты. Финансы секторунда жаңы технологияларды, мисалы, виртуалдык активдерди жана электрондук төлөм системаларын колдонууга байланыштуу тобокелдиктерди талдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелер талкуулангандан кийин, Данияр Амангелдиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана терроризмге жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу каржылык операцияларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, анда кабыл алынган чечимдер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.