Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды
Жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчылары: Кыргызстан – Бактыбек Бекболотов, Азербайжан – Рамиль Усубов, Казакстан – Гизат Нурдаулетов, Түркия – Окай Мемиш, Өзбекстандан – Виктор Махмудов, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү, киберкоркунучтар жана түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу мезгилинде Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.
“Биздин өз ара байланышыбыз тышкы саясаттан баштап, соода, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүүгө жана ошондой эле космостук изилдөөлөргө чейинки чөйрөлөрдү камтып, барган сайын кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму региондук жана эл аралык туруктуулук архитектурасында өзүнүн салмактуу ордун ээлегенге жетишти”, – деди Президент.
Ал Уюмда кабыл алынган “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040”, “Түрк мамлекеттер уюмунун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы” сыяктуу өтө маанилүү документтер саясий жана коопсуздук маселелери боюнча тыгыз кызматташууга, терроризмге, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча макулдашылган күч-аракеттерди аныктоого негиз болгонун эске салды.
«Кыргызстан дайыма чыр-чатактарды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулат. Биз чыныгы өнөктөштүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизи дал ушундай мамиледе деп ишенебиз», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө жаңы дем берип, түрк дүйнөсүндөгү туруктуулукту чыңдоого маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин башчылары Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жогорку деңгээлин жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча аракеттерин белгилешти.
Ошондой эле ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.