Кибер алдамчылык менен алектенген эл аралык топ аныкталды
Кыргызстандын Ички иштер министрлигин Казакстан жана Россия мамлекеттеринин ички иштер органдары менен биргеликте интернет алдамчылыгына байланышкан эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду.
Ведомстводон билдиришкендей, кылмыштуу топ «SIM-Box» деп аталган адистештирилген түзүлүштөр аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген.
Аталган технология кылмышкерлерге мобилдик байланыш аркылуу чалууларды жергиликтүү номур катары көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн же финансы мекемелеринин кызматкери катары көрсөтүп, жарандарды алдоо үчүн колдонулган.
ИИМдин маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында Бишкек шаарында 1994-жылы туулган, чет элдик жаран Х.Н. кармалган. Ал Россия жана Казакстандын аймагында «SIM-Box» жабдууларын орнотуп, тейлөө менен алектенген. Кыргызстанга болсо кылмыштуу схеманын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында келген.
Анын убактылуу жашаган жерин тинтүү учурунда төмөнкү буюмдар табылып, далил катары алынган:
- 32 слоту бар «SIM-Box» түзүлүшү;
- USB-топтогуч;
- 71 SIM-карта (жергиликтүү жана чет элдик уюлдук операторлорго таандык);
- «MicroTic» түзүлүшү, Wi-Fi роутер;
- ноутбук, «Huawei» үлгүсүндөгү телефон,
- чет өлкөлүк банктык карта.
Белгиленгендей, бул сыяктуу схемалардан КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары жабыр тартуусу мүмкүн болчу. Уюштурулган иш-чаралардын аркасында масштабдуу интернет алдамчылыктын алдын алуу мүмкүн болду.