Эне жана баланы коргоо борборуна заманбап реабилитациялык жабдуулар тапшырылды

Бишкек шаарындагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда Rebless™ Planar инновациялык реабилитациялык жабдуусун расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жабдуу Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA жана H Robotics компаниясынын колдоосу менен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары алынып келди.

Жабдуунун жалпы наркы 150 миң АКШ долларын түзөт.

Rebless™ Planar — бул неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийин бейтаптардын кыймыл-аракетин жана булчуң күчүн калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жогорку технологиялуу робот-тренажёр. Ал өзгөчө балдардын реабилитациялык дарылоосунда натыйжалуу колдонула турган заманбап аппарат болуп эсептелет.

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Корея өкмөтүнө, KOICA уюмуна жана H Robotics компаниясына ыраазычылык билдирди.

«Бул жабдуу балдардын заманбап калыбына келтирүүчү дарылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет жана медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат», — деди министр.

Связанный пост