Сулайман-Тоодо алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды

Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей комплексинде алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул фонд музейге келгендерге мурда жеткиликсиз болгон коллекцияларды көрүүгө жана сактоодо турган уникалдуу экспонаттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жаңы ачылган фонддо 140 даана археологиялык буюм жайгаштырылган. Эми музейге келген ар бир конок экспонаттарды жакындан көрүп гана тим болбостон, алардын тарыхы, сактоо ыкмалары, реставрация жана эсепке алуу процесстери менен да тааныша алат.
Мындан сырткары, бул зонада интерактивдүү элементтер, атайын экскурсиялар жана билим берүү программалары каралган. Бул иш-чаралар музей кызматкерлеринин — сактоочу, реставратор жана изилдөөчүлөрдүн — кесиптик ишин коомчулукка тереңирээк түшүндүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, ачык сактоочу фонд “Сулайман-Тоо” музей комплекси тарабынан өз каражатынын эсебинен ишке ашырылган.