МинКаб башчысы менен АӨБнүн Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директору кызматташуунун артыкчылыктуу долбоорлорун талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директору Лея Гутиеррес менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев Лея Гутиеррести жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, АӨБгө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал АӨБ республикадагы долбоорлорду колдогон алдыңкы эл аралык финансы институттарынын бири экенин баса белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого ишеним билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн жогорку темпине көңүл бурду: акыркы үч жылда орточо өсүү 9%ды, ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча 11,5%ды түздү. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, Камбарата ГЭС-1ди, Барскоон – Бедел автожолун куруу, ошондой эле калкты жеткиликтүү ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы программаларды ишке ашыруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын негизги багыттары, анын ичинде индустриялаштыруу, Кыргызстанды аймактык хаб катары калыптандыруу, айыл чарбасын жана туризмди, ошондой эле “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү жөнүндө маалымат берди.

Камбарата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу боюнча өзүнчө талкуу болду. Адылбек Касымалиев техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу аяктаганын, айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча отчеттун долбоору даярдалганын, ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев АӨБ президенти Масато Кандонун ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Лея Гутиеррес 30 жылдык биргелешкен өнөктөштүк учурунда АӨБ ар кандай тармактарда ири көлөмдөгү долбоорлорду ишке ашырганын белгиледи. “Биз Кыргызстандын өнөктөшү болгонубузга сыймыктанабыз жана сиздердин өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого даярбыз”, – деп баса белгиледи ал.

Связанный пост