Марат Иманкулов Кыргызстандын Аялдар конгрессинин V Эл аралык бизнес-форумуна катышты

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бүгүн, 10-сентябрда, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган V Эл аралык бизнес-форумуна катышты.
Өз сөзүндө ал аялдардын өлкө экономикасына кошкон олуттуу салымын белгилеп, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнестин субъекттеринин 29%ын аялдар башкарарын баса белгиледи. Өзгөчө активдүүлүк текстиль, айыл чарба, билим берүү жана IT тармактарында байкалууда.
Марат Иманкулов мамлекет эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишкер айымдарга, анын ичинде каржылык жана билим берүү инструменттери аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Конгресс аялдарга системалуу колдоо көрсөтүүдө стратегиялык ролду ойноорун, ал эми мындай форумдар келечек муундар үчүн бекем негиз түзөрүн баса белгиледи.