Кыргызстанда түшүм жыйноо активдүү уланып, айдоо аянттары 68% жыйналып бүттү

Кыргызстанда түшүм жыйноо активдүү уланып, айдоо аянттары 68 пайыз жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Быйыл, 2025-жылдын сентябрь айынын башына карата республика боюнча жалпы 678,4 миң гектар айдоо аянтынын ичинен 461,4 миң гектары жыйналып, бул көрсөткүч 68 %ды түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миң гектарга көп.
Ал эми жалпы дан эгиндеринин дүң түшүмү 2025-жылы 1030,1 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк — 22,3 центнер/гектар. Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү 72,0 ц/га деңгээлинде болууда.
Оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 948 бирдик техника тартылып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 237 техникага көп.
- Буудай: Жалпы оруп-жыйноо аянты 247,6 миң гектар. 2025-жылдын сентябрь айына карата 220,1 миң гектары жыйналып, 88,9%ды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк — 22,2 ц/га. Дүң түшүм — 488,8 миң тонна.
- Арпа: Жалпы аянты — 249,3 миң га, анын ичинен 226,2 миң гектары жыйналып, 90,7% түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 15,0 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк — 20,6 ц/га. Дүң түшүм — 645,8 миң тонна.
- Жүгөрү: Жалпы аянты — 111,6 миң гектар. Сентябрь айына карата 9,3 миң гектары жыйналып, 8,33% түздү. Орточо түшүмдүүлүк — 72,0 ц/га. Дүң түшүм — 67,0 миң тонна.
Белгилей кетсек, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.