Жыл башынан бери коррупция боюнча 278 кылмыш иши козголгон

 Жыл башынан бери коррупция боюнча 278 кылмыш иши козголгон

2025-жылдын башынан бери коррупция боюнча 278 кылмыш иши козголуп, анын 21и сотко өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Комитет “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Анын айтымында, 36 иш кыскартылып, 62 иш токтотулуп, 4 иш башка иштерге бириктирилген. Ал эми 135 факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Связанный пост