Бир аптада дээрлик 300 мас айдоочу кармалды

 Бир аптада дээрлик 300 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 1-сентябрдан 7-сентябрга  чейин 23 миң 788 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1504;
  • Мас абалында унаа башкаруу – 295;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 182;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1755;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4298;
  • Авто ээнбаштык – 36;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3559;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 3;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14 633.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2774 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост