Президент: “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштайт
“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштайт”, – деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын шаарында эки аэропорттун ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып.
Мамлекет башчысы Нарын, Тогуз-Торо райондорунун тургундарына жана Кыргызстандын авиация тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, Нарын облусу менен Тогуз-Торо районунун өнүгүшү жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу үчүн “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишмердигин кайрадан жандандыруу максатында реконструкцияланган аэропорттор ачылып жатканын белгиледи.
Ал деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин шартта аба каттамы дүйнө өлкөлөрү менен алака-катышыбызды арттырууда зор роль ойной турганын баса көрсөттү.
Бул багытта “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому бүгүнкү күндө жигердүү өнүгүү жолунда баратат. Уюштуруу-башкаруу түзүмү жакшырып, өлкө боюнча аэропортторубуздун инфратүзүмү жаңыланып, маршруттук тармак кеңейүүдө.
Президент “Талас” аэропорту өткөн жылдын май айында ишке берилсе, “Каракол” эл аралык аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылганын эске салды. “Ош” жана “Тамчы” аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда, “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейтилүүдө.
Ошондой эле быйыл Кыргызстандын авиация тармагында дагы бир жаңы барак ачылды: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Жалал-Абад” эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды.
Садыр Жапаров совет доорунда курулган аэропортторубуз ошончо мезгилден бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүн белгиледи. Кезинде жашоо турмуш жагдайына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аба каттамы азайып, “Нарын” аэропорту 1999-жылдан тарта ишин токтоткон. Бүгүнтөн тарта Бишкек – Нарын — Бишкек аба каттамы расмий ишке кирип, жанданды.
Мамлекет башчысы “Нарын” жана “Казарман” аэропорттору тоолуу аймактардын транспорттук түйүнү болуп саналарын өзгөчө белгиледи. Алардын иштөөсү Нарын облусунун, Тогуз-Торо районунун жашоочуларын бүткүл Кыргызстандын жашоочулары менен алака-катышын арттырууга чоң салым кошот.
“Аталган аэропорттордун кайра ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфратүзүмү жакшырып, инвестициялык аброю артат. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын, Тогуз-Торо дубанына ыкчам, ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзөт. Ошентип, бул обочодогу облус менен алыскы районго социалдык, экономикалык жактан чоң пайда алып келет деп бекем ишенем”, – деди Президент.
Аэропорттордун тейлөө жөндөмдүүлүгү саатына 100 жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Аэробекеттер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары, аэродромду эксплуатациялык абалда кармап туруу үчүн атайын техникалар сатылып алынды.
Мамлекет башчысы ачылып жаткан эки аэропорттогу аткарылган иштердин баары “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлгөнүн баса белгилеп өттү. Компания жогоруда айтылган ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 млрд 175 млн сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар жалпы суммасы 3 млрд 356 млн сомго алынды.
Мындан тышкары “Кыргызстан аэропорттору” ААК өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн “Bombardier DASH 8 Q400” үлгүсүндөгү үч аба кемесин сатып алууга жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сом бөлгөн.
Келерки жылга дагы бир “Bombardier DASH 8 Q400” үлгүсүндөгү учакты, ал эми эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн “Boeing” же “Airbus” сымал чоң учактарды сатып алуу пландалган. Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин көбөйөт.
Президент “Bombardier DASH 8 Q400” учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделип жатканын баса көрсөттү.
“Жогоруда тизмектелген иштердин бирден-бир максаты — ар бир жарандын бейпил жашоосуна, өсүп-өнүгүүсүнө жана алдыга жылуусуна шарт түзүү. Мындай максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу менен жарандар үчүн ыңгайлуу, туристтер үчүн жагымдуу, өнөктөштөр үчүн ачык өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратканыбызды далилдейбиз”, – деп ырастады ал.
Мамлекет башчысы өлкөнүн авиация жааты эл аралык деңгээлде да ишенимдүү кадамдарды таштап жатканын белгиледи. Ал мамлекет Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы этапка келгенин айтты. Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот.
“Ошентип 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Бул өлкөбүз Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюрса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат”, – деп ал шыктануу менен белгиледи.
Ошондой эле ал 20-августта Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу боюнча келишимге кол коюлганын кошумчалады. 30-октябрда бул аба трассасы иштей баштайт. Натыйжада Кашкардан Борбор Азиянын бардык аэропортторуна чейинки аралык эки эсеге кыскарат. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейет жана өлкө стратегиялык көпүрөгө айланат. Бүгүнкү күндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы менен бул коридордун мааниси мындан да жогорулайт.
“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштарын баса белгилеп айта кетейин”, – деди Мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу ал жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бүгүнкү маанилүү долбоорго катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов андан “Казарман” аэропортун онлайн режиминде ачууга уруксат берүүсүн өтүндү.
Андан соң Мамлекет башчысы “Нарын” аэропортунун боосун символикалык түрдө чечип, аэропортту реконструкциялоо иштеринин аякташы менен таанышып, объекттин инфраструктурасын, анын ичинде учуу-конуу тилкесин, терминалды жана техникалык кызматтарды көрүп чыкты.