Ишкерлер “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси аркылуу кайрыла алат

 Ишкерлер “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси аркылуу кайрыла алат

Ишкерлердин кайрылууларын кабыл алуу үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштеп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, эгерде ишкер укуктары бузулса, анда прокуратура органдарына ишеним телефондору, “Бизнести коргоо”мобилдик тиркемеси аркылуу, ошондой эле жеке жана онлайн кайрыла алат.

– “Бизнести коргоо”мобилдик тиркемеси. Прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин колдонуңуз. Тиркемени App Store же Google Play тиркемелеринен жүктөп алыңыз;

– Ишеним телефондору. Ар бир прокуратурада ишеним телефондору иштейт, алар боюнча сиз мыйзам бузуулар тууралуу кабарлай аласыз. Телефон номерлери Башкы прокуратуранын расмий www.prokuror.kg сайтында же жергиликтүү прокуратураларда жеткиликтүү;

– Жекече кайрылуу. Сиз жакынкы прокуратурага кайрылып, арыз жазып, керектүү документтерди бере аласыз;

– Онлайн кайрылуу. Башкы прокуратуранын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуу формасын толтуруңуз.

Башкы прокуратурадан кошумчалашкандай, жарандардын укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барылууда.

Эске салсак, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ишкердиктин ишине мыйзамсыз кийлигишүү жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мындан улам жарандар укуктары бузулса, прокуратура органдарына кайрылуусу керек.

Конституциясынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы экономикалык иштин ар кандай формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт. Мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет. Мындан тышкары, текшерүүлөр колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ар кандай мыйзамсыз текшерүүлөр даттанылууга жатат.

Связанный пост