Бишкекте жаңы “Алтын-Казык” мал базары ачылды
Бүгүн, 6-сентябрда борбор калаанын Биринчи Май районунда “Алтын-Казык” жаңы мал базары ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, базар Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жайгашкан жана ветеринардык коргоо зоналарынын бардык талаптарына жооп берет.
Ачылыш аземге катышкан коноктор базардын инфраструктурасы, сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, ветеринардык лабораториясын, эт комбинатын көрүштү.
Белгилей кетсек, базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 баш бодо малды жана 6000 баш майда малды жайгаштырууга ылайыкталган. Мындан тышкары 300 жумушчу орун түзүү пландалууда. Аймакта чарба сарайлар, 360 чарчы метр аянтты ээлеген заманбап ашкана, санитардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу мал союучу жай курулган.
Бүгүнкү күндө Пригородный базары жаңы аймакка толугу менен көчүп бүттү. «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда.