Агартуу министрлиги методикалар, программалар жана окуу китептери жок деген сындарга түшүндүрмө берди

Агартуу министрлиги мектептик билим берүү реформасына карата айтылып жаткан, окуу жылынын башталышында методикалар, программалар жана окуу китептери жок деген сындарга түшүндүрмө берди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү – мектептик билим берүүнүн жагдайын терең талдоого негизделген жана өкмөттүн токтому менен бекитилген «12 жылдык мектеп билим берүү системасына өткөрүүнүн концепциясына» ылайык жүргүзүлүүдө. Концепцияга ылайык иштелип чыгып жана бекитилген документтер:
- мамлекеттик билим берүү стандарты;
- 11 жана 12 жылдык система үчүн базистик окуу пландары;
- предметтик стандарттар;
- 12 жылдыкка өткөн класстар үчүн окуу программалары жана календардык-тематикалык пландар (1, 2, 5 жана 7-класстар).
Бардык документтер Билим берүү академиясынын сайты жана «Санарип Кампа» платформасында ачык жеткиликтүү. Анда методикалар, окуу программалары, календардык-техникалык пландар жана мугалимдер үчүн куралдар жайгаштырылган.
Министрлик белгилегендей, 2025-жылы мамлекет окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом өлчөмүндөгү каражат бөлгөн. Бул өлкөнүн тарыхында рекорддук сумма болуп саналат. Бул каражатка 3–9-класстар үчүн англис тили окутуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди. Ошондой эле 1–2 жана 5–7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептеринин басыла башталды.
Россия жана Сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, адабият жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер (окуучунун китеби, жумушчу дептер жана мугалим үчүн методикалык колдонмо) адаптацияланды. Алар октябрь айында мектептерге жеткирилип баштайт.
Басма китептерден сырткары, бардык окуу китептери электрондук түрдө http://kitep.edu.kg/ порталына жана «Санарип Кампа» платформасына киргизилген.