Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизилди

 Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калк үчүн бюрократиялык жүктү азайтуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында кабыл алды.

Анда бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди, анын ичинде Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө, күрөөканалардын ишине минималдуу талаптар жөнүндө, баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларын квалификациялык аттестациялоо жөнүндө, ошондой эле аудит жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү квалификацияны таануу тартиби жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди.

Документтин максаты мамлекеттик жөнгө салуу тартибин жөнөкөйлөтүү, ашыкча административдик талаптарды жоюу жана ар кандай нормативдик укуктук актыларда документтерди милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүү талабын алып салуу аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Бул административдик жүктү азайтууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ыңгайлуулугун жана ыкчамдуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост