Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого болгон каалоомду билдирем.

Менин эң жогорку урматтоомду жана сыйымды кабыл алыңыз», – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост