Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана бүткүл кыргыз элин Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында бир топ ийгиликтерге жетишти.

Эки элибиздин ортосунда калыптанган салттуу достук жана өз ара сый-урмат мындан ары да Ереван менен Бишкектин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп, аны сапаттык жаңы деңгээлге чыгараарына ишенем.

Сизге чың ден соолук жана Кыргызстандын достош элинин тынчтыгы жана бакубаттуулугуна ишмердүүлүгүңүзгө жаңы ийгиликтерди каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост