Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ КР президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.
Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.