Унаасын камсыздандырбаган 3410 айдоочуга айып салынды

1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин 3410 айдоочуга унаасын камсыздандырбаганы үчүн айып салынып, тийиштүү протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, бул иштер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан унааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып аткарылып жатат.
Полис албагандардын көпчүлүгү жеке жактар болгондуктан, Укук бузуу кодексине ылайык, 3 миң сомдон айып салынган.
“Учурда камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга карата массалык рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Болгону айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган учурда гана камсыздандыруу полиси кошо текшерилүүдө”, – деди ал.
Ошондой эле Байказы Айтикул уулу белгилегендей, жол кыймылынын башка эрежелерин бузуп, айып короо жайына токтотулганда жана унаасын чыгаруу учурунда камсыздандыруу полиси кошумча текшерилүүдө.