Таласта өстүрүлгөн төө буурчак 30дан ашык өлкөгө экспорттолууда

Таласта өстүрүлгөн нирвана сортундагы төө буурчак дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнө экспорттолууда. Бул тууралу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Талас районунда жалпысынан 12 183 гектар жерге төө буурчак айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көбөйдү.
Район аймагында төө буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлүп, учурда түшүм жыйноо кызуу жүрүп жатат. Айыл аймактарында түзүлгөн МТС ишканалары жана жеке менчик техникалардын жардамы менен жыйноо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Орто-Арык айылынын тургундары быйыл төө буурчактан жакшы түшүм алышууда. Айылдын тургундарынын бири 1,5 гектар жерге нирвана сортундагы төө буурчак айдап, ар гектарынан орточо эсеп менен 1,5 тонна түшүм алууда.
Анын айтымында, төө буурчактын базар баасы учурда 105-110 сомдон болууда. Жыйноо иштери трактор менен жүргүзүлүп, 2 гектар жерди 5 миң сомдон жулуп беришүүдө.
Быйыл абанын ысык болушуна байланыштуу түшүм жыйноо иштеринин башталышы мурунку жылдарга салыштырмалуу 15-20 күнгө эрте башталды.