Кыргызстандан малды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети айыл чарба жаныбарларын – ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Маселен, Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) 0102 коду менен классификациялануучу ири мүйүздүү малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди. Буга – Кыргыз Республикасы аркылуу транзитт; мелдештерге катышуу үчүн спорт жылкылары; чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар кошулбайт.
Документке ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү иштерин жүргүзөт.
Министрлер кабинетинин токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.