Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды
Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду.
Ачылышка президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Элчибек Жантаев Казакстандын Башкы консулдугунун Ошто ачылышын кубануу менен белгилеп, бул кадам эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого чоң салым кошорун айтты.
Жаңы ачылган консулдук Казакстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы казак жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында иш алып барат.
Башкы консулдук Ош шаарынын Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан.