7 айда талапка жооп бербеген 445,3 тонна жүк өлкөгө киргизилген жок

 7 айда талапка жооп бербеген 445,3 тонна жүк өлкөгө киргизилген жок

7 айда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 29 учур катталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 445,3 тонна жүк артка кайтарылды. Анын ичинде 70 515 көчөт жана 11 387 даана гүл аныкталган.

Анын ичинен:

  • Казакстандан — 193,9 тонна;
  • Россиядан — 69 тонна;
  • Өзбекстандан — 80,82 тонна 70 515 даана көчөт;
  • Кытайдан — 26,13 тонна 8050 даана гүл;
  • башка өлкөлөрдөн — 41,5 тонна 3337 даана гүл.

Фитосанитардык талаптарды бузган карантиндеги жүктөргө карата тиешелүү чаралар көрүлүп, кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине нота жиберилген.

Связанный пост