Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды

 Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды

Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын август айында Литванын аймагынан КР ИИМдин кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, криминалдык чөйрөдө “Детина” деген каймана аты менен белгилүү болгон 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен кармалган. Ал буга чейин Ш.А. деген ат менен жасалма документти колдонуп келген.

Ю.Ю. 2007-жылы Бишкек шаарында жасалган адам өлтүрүү фактысына айыпталып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, белгисиз тарапка качып кеткен.

Андан сырткары, Алматы шаарында дагы адам өлтүрүүгө шектелип, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Жогорудагы жаранга Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Белгиленгендей, Ю.Ю. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган.

Учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары кармалган жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Связанный пост