Чаткалда айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалды

 Чаткалда айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан (подрядчик) колдоо көрсөткөндүгү үчүн – 10 млн 200 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушу боюнча баасы 25 млн сомду түзгөн тендер өткөрүлгөн.

Ошентип, 15-августта “Опузалап пара алуу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран УКМК Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост